2021 жылдын 8-9-июль күндөрү россиялык журналисттер тобу “Кумтөр”кенине барып келишти. Алардын айтымында, акыркы учурда ишкананын айланасында көптөгөн карама-каршы маалыматтар жана ушактар тарап жатат, ошондуктан алар кырдаалдын чыныгы чоо-жайын жана кендин айланасындагы мөңгүлөрдүн абалын билүү үчүн Кумтөр Голд Компани (КГК) ЖАКнун жетекчилигине кайрылышты.