МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮ

МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮ

Жарыяланган: 19 May 2021

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен 2021-жылдын 17-майы Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнун убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалды.

2021-жылдын 17-майынан тартып, КГКны убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде КГКнын аткаруучу органынын ыйгарым укуктары токтотулган: КГКнын Президенти жана Башкармалыгынын Төрагасы Деон Баденхорсттун жана КГКнын Башкармалыгынын мүчөлөрү Тан Син Лундун жана Ж.К. Сейдалиевдин.

Ошондой эле, Арипин Буман менен Тан Си Лундун ишеним каттары жокко чыгарылгандыгы жөнүндө маалымат беребиз.