«Кумтɵр Голд Компани» “Кумтɵр” кен ишканасындагы алтын ылгоочу фабрика 2015-жылдын 23-февралынан пландуу ири ремонт иштерин жүргүзүү жана жаӊы жабдуунун орнотуу үчүн ишин убактылуу токтото турарын билдирет. Фабриканын ишин толук кɵлɵмдɵ кайра жандандыруу 2013-жылдын 13-мартына пландаштырылган.
Фабриканын бардык үч шар тегирменинде запастык бɵлүктɵрдү демонтаждоо жана жаӊыларын коюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн “Кумтɵр” кен ишканасына алты ɵлкɵдɵн 50дɵй ар кайсы профилдеги адистер келишет. Кумтɵрдүн тегирмендери үчүн жаӊы комплектɵɵчүлɵрдү иштеп чыгууга жана даярдоого 18 ай жумшалды, деталдар Түндүк Америкада жана Европада даярдалды.
«Жаӊы комплектɵɵчүлɵрдү коюудан улам алынуучу башка натыйжа – бул жабдуунун ɵтɵ ишенимдүүлүгүн камсыздоо, токтоп калуулардын санын азайтуу жана руданы кайра иштетүү кɵлɵмүн кɵбɵйтүү. Алтын ылгоочу фабриканы техникалык модернизациялоо кен ишканасынын иштɵɵ мɵɵнɵтүн андан-ары узартууга эсептелген», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» президенти Дэниел Дежарден.
Ремонттук жумуштардын бардык мезгилинде тоо-кен иштери кадимки режимде улантылмакчы.