«Кумтөрдөгү» катмар боюнча минералдашуу тармагындагы потенциалдуу запастарды эксплуатациялык жеткире чалгындоонун алкагында «Центерра Голд» Директорлор кеңеши чейрек ичинде жалпы көлөмү 60 миң метр болгон бургулоо иштеринин эки жылдык программасын бекитти.
Геочалгындоо программаны каржылоого жылдар боюнча төмөнкүдөй: 2018-жылы 6,5 миллион доллар жана 2019-жылы 11,5 миллион доллар бөлүштүрүү менен жалпы көлөмдө 18 миллион доллар чегерилген.