Торонто, Канада 2013-ж. 28-майы: «Центерра Голд Инк» (TSX: CG) “Кумтөр” кен ишканасына баруучу жол жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн тобу тарабынан мыйзамсыз тосулгандыгын билдирет. Жолду тосуу ишкананын адаттагыдай жабдылуусуна жана кызматкерлердин ишканага баруу жана ишканадан кайра кайтуу кыймылына тоскоол болууда. Азыркы учурда каршылык компаниянын операциялык ишмердүүлүгүнө эч кандай таасир эткен жок. Компаниянын жетекчилиги бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн жергиликтүү бийликтер жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен иштеп жатат.
«Центерра» берүүчүлөрдүн жана иштөөчүлөрдүн кен ишканасына жана кен ишканасынан кайра артка өтүүсүн камсыз кылуу менен бул кырдаалды чече ала тургандыгын күтүүдө, бирок, компания бул өңүттө эч кандай кепилдик бере албайт. Эгерде жолду тосуу өз убагында четтетилбесе, бул компаниянын операциялык ишмердүүлүгүнө, анын ичинде кен ишканасынын туруктуу абалын кармап туруу үчүн жүргүзүлүп жаткан музду жана бош текти азайтуу боюнча иштерге, инфраструктуранын айрым объектилерин орун которуштуруу боюнча иштерге (компаниянын 2013-жылдын 3-майындагы пресс-релизинде билдирилгендей), ошондой эле өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөргө олуттуу терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Пресс-релиздин толук тексти менен “Центерранын” расмий веб-сайтынан таанышууга болот www.centerragold.com