Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Кыргызстандын бир катар ЖМКлары компаниянын акционерлерине жакын көмүскөдөгү булактарга таянып, “канадалык регулятор IIROC баалуу кагаздар боюнча улуттук агенттиги Centerra Gold Inc. («Центерра») менеджментине карата иликтөө иштерин баштап, Торонтодо акцияларды жүгүртүүнү токтотту” деген маалыматты таркатышкан. Бул маалымат туура эмес жана расмий түшүндүрүүнү талап кылат.
Чындыгында, Канаданын инвестициялык индустриясын жөндөө уюму (IIROC) канадалык мыйзамдар жана баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн эл аралык шарттарына ылайык 2016-жылы 29-апрелде «Центерры Голд» акцияларын сатууну убакткылуу токтоткон. IIROC компаниядан орчундуу маалымат күтүлгөн учурда акцияларды сатууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алууга укуктуу. Акция сатууну токтотуу принциби бардык инвесторлор компания тууралуу орчундуу маалыматты текши бир учурда алуусуна шарт түзүүгө негизделген. IIROC Канаданын карыздык жана үлүштүк рынокторундагы соода аракеттери менен инвестициялоо дилерлеринин үстүнөн көзөмөлдөгөн өзүн өзү башкаруучу улуттук уюм.
«Центерра Голд» расмий пресс-релизи аркылуу ага толук таандык Кыргыз Республикасындагы туунду ишканасы «Кумтөр Голд Компанинин» бишкектик кеңсесинде, ушу жылдын 28-апрелинде “Центерра” жана КГК ортосундагы мурдакы ички корпоративдик транзакцияларына байланыштуу финансылык бузуулар орун алган делген кылмыш ишине тиешелүү документтерди чогултуу максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана башка укук коргоочу кызматтар менен биргелешип тинтүү жүргүзгөн абал жөнүндө бардык кызыкдар тараптарды маалымдаган. Иликтөө иштери “Кумтөр” кенинин иштешине таасирин тийгизген жок жана ал штаттагы тартипте иштөөдө.
Расмий пресс-релиз чыгаргандан кийин “Центерра Голд” баалуу кагаздарын биржада жүгүртүү толук кандуу улантылган, жана CG символунда Центерранын акциялары жүгүртүүдө экенин Торонто фондулук биржасынын расмий сайтынан бул шилтеме аркылуу тастыктоого болот (http://web.tmxmoney.com/article.php?newsid=86695141&qm_symbol=CG)