«Центерра Голд Инк.» Чейректик Дивиденддерди Төлөп Берүү Жөнүндө Билдирет

Жарыяланган: 30 July 2015

«Центерра Голд Инк.» 2015-жылдын 28-июлунда билдиргендей, компаниянын Директорлор кеңеши жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд (жалпысынан болжол менен 7,3 млн. АКШ доллары) эсептөөгө буйрук чыгарды. Бул дивиденд Торонтодогу биржада 2015-жылдын 11-августуна карата катталган бардык акционерлерге 2015-жылдын 27-августунда төлөнмөкчү. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору колдонулат.

«Центерранын» дивиденддик саясатына ылайык, дивиденддерди төлөө убактысы жана өлчөмү мезгил-мезгили менен Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат жана башка бардык нерселер сыяктуу эле компаниянын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнөн, накталай акчанын агымдарынан жана финансылык абалдан, капиталга утурумдук жана күтүлүүчү муктаждыктардан, ошондой эле компаниядагы иштердин жалпы абалынан көз каранды.

Предыдущая публикацияЫсык-Кɵл областында Евразиянын жаш адистеринин “Жашыл Ой 2015” үчүнчү эл аралык форуму болуп ɵттү Следующая публикацияЫсык-Кɵлдɵ 11-жайкы экологиялык лагерь ɵттү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.