«Центерра Голд Инк.» чейректик дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө билдирет

Жарыяланган: 04 May 2016

«Центерра Голд Инк.» 2016-жылдын 3-майында билдиргендей, компаниянын Директорлор кеңеши жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд (жалпысынан болжол менен 7,6 млн. АКШ доллары) эсептөөгө буйрук чыгарды. Бул дивиденд Торонтодогу биржада 2016-жыл 19-майга карата катталган бардык акционерлерге 2016-жылдын 2-июнунда төлөнмөкчү. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору колдонулат.

«Центерранын» дивиденддик саясатына ылайык, дивиденддерди төлөө убактысы жана өлчөмү мезгил-мезгили менен Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат жана башка бардык нерселер сыяктуу эле компаниянын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнөн, накталай акчанын агымдарынан жана финансылык абалдан, капиталга утурумдук жана күтүлүүчү муктаждыктардан, ошондой эле компаниядагы иштердин жалпы абалынан көз каранды.

Предыдущая публикация«Кумтөр Голд Компани» эки вице-президенти Кыргыз Республикасынын аймагынан кетишине комментарий берет Следующая публикацияАЛДЫҢКЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ISS ЖАНА GLASS LEWIS КОНСАЛТИНГ КОМПАНИЯЛАРЫ "ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК." КОМПАНИЯСЫНЫН АКЦИОНЕРЛЕРИНЕ ЖЫЛДЫК АКЦИОНЕРЛЕР ЖЫЙЫНДА СУНУШТАЛГАН БАРДЫК ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ ДОБУШУН БЕРИП СУНУШТАЛГАН РЕЗОЛЮЦИЯЛАРДЫ КОЛДООНУ СУНУШТАШАТ
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.