“Центерра Голд” компаниясы акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд төлөп берүү жөнүндө жарыялайт.

Жарыяланган: 28 March 2020

Торонто, Канада, 2020-жылдын 26-марты: “Центерра Голд Инк.” компаниясы бүгүн компаниянын Директорлор кеңеши жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд, тактап айтканда 11 751 182 канада доллары ( же жалпысынан болжол менен зыркы курс боюнча 8,2 млн. АКШ доллары) төлөп берүүгө чечим кабыл алганын жарыялады.

Жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндөгү дивиденд 2020-жылдын 8-апрелине карата катталган бардык акционерлерге 2020-жылдын 22-апрелинде төлөнмөкчү. «Lивидендсиз» дата деп 2020-жылдын 7-апрели саналат. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору колдонулат.

Центерра COVID-19 вирусуна байланыштуу кырдаалдарга, анын компаниянын келечектеги иштиктүү активдүүлүгүнө тийгизген таасирин баалоого аракеттенүү менен көңүл коюп байкоону улантууда. Компания азыркы учурдагы кырдаалдын өнүгүү перспективаларын баалоо менен, дивиденддерди эсептөөдө Директорлор кеңеши тарабынан адаттагыдай эле эске алына турган башка бардык факторлордон тышкары, дивидеденддерди бөлүштүрүү программасын ишке ашырууда COVID-19 вирусунун жайылышы кандай жана канчалык даражадагы кесепеттерди алып келерин тыкыр талдоого мажбур болору анык. Центерранын дивиденддик саясатына ылайык, дивиденддерди төлөө убактысы жана өлчөмү мезгил-мезгили менен Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат жана башка бардык нерселер сыяктуу эле компаниянын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнөн, накталай акчанын агымдарынан жана финансылык абалдан, капиталга утурумдук жана күтүлүүчү муктаждыктардан, ошондой эле компаниядагы иштердин жалпы абалынан көз каранды.

Предыдущая публикация"Кумтөрдүн" каражатына курулган 32 мектеп жана 11 бала бакча Следующая публикация100 000 АКШ доллар өлчөмүндө финансылык жардам
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.