Стратегиялык макулдашуунун алкагында Центера Голд компаниясынын бөлүп берген финансы каражаттары кандай бөлүшүлүүдө, бул тууралуу Каракол шаарында өткөн тегерек столдун катышуучулары тарабынан талкууланды. Жарандык активисттерди, Ысык-Көл облусунун райондук администрациясын жана шаар башчыларын биринчи кезекте жаңы түзүлгөн Фондун иштеринин ачык-айкындыгы, каражаттарынын бөлүштүрүү механизмдери кызыктырды.