9-майда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» Улуттук холдинги жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы биргелешип Улуу Жеңиш күнүнүн урматына ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрүнө концерт уюштуруп беришти.
Концерттин уюштуруучулары көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулоого аракет кылышты. Иш-чара аскердик үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда ачылып, согуш жылдарындагы ырлар, 1940-жылдары популярдуу болгон композициялар балет жана опера искусствосунун өлбөс-өчпөс классиктери менен алмашып турду. Аткаруучулардын айтымында, арасында биздин жердештер да болгон фронттогу үгүт бригадаларынын тажрыйбасы шыктандырган.
– Дайыма ушундай концерттерди өткөрүп, өнөр адамдарын колдоп келе жаткан «Кумтөр» компаниясына ыраазычылык билдиребиз, – дейт КР Эмгек сиңирген артисти Заира Райымбекова.
– Улуу Ата Мекендик согушка атасы, чоң атасы, жакындары катышкан ар бир адам бул майрам аркылуу алар менен болгон байланышын терең сезет, – деп белгиледи Афган согушунун жана куралдуу чыр-чатактардын “Күжүрмөн бир туугандык” ардагерлер башкармалыгынын төрагасы Абдыгул Чотбаев.
– Сонун концерт болду. «Кумтөр» компаниясы, Бөлтүрүк мырза буга чыгармачылык менен мамиле кылганына абдан кубанычтабыз, – деди согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктагы эмгекчилердин Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы Токтогул Какчекеев.
Келгендер концерттин соңунда кыргызстандыктардын аскердик жана эмгектеги даңкын дагы бир жолу даңазалашты. Алардын ар бири өз кызматында тынчтык, эркин келечек үчүн душманга каршы салгылашкан. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Кыргызстан эвакуацияланган жүз миңдеген адамды калкалап, республикада фронт үчүн курал-жарак жана техника чыгаруучу заводдор иштеген.
– Азыр дүйнөдө адамдар Жер деген кичинекей планетанын балдары экенибизди, арабызда чек аралар жок экенин түшүнүп жатышат. Эгер бир жерде катастрофа болуп же согуш башталып кетсе, анын таасири дароо эле көптөгөн өлкөлөргө тийип калат. Тарыхтагы эң коркунучтуу согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгилеп жатабыз жана анын кайталанышын каалабайбыз, – деп белгиледи КГКны башкарган «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» Улуттук холдингдик компаниясынын Президенти Теңиз Бөлтүрүк.