Жакында Кыргыз Республикасында айрым өкмөт мүчөлөрү тарабынан «Кумтөр Голд Компани» ЖАКу тарабынан башкы компаниясы болгон «Центерра Голд Инк.» (Центерра) пайдасына төлөнгөн дивиденд жөнүндө айткан сөздөрү туура эмес, жана да дивиденддердин төлөнүшү туура болбоду деген жаңылыш пикирдин пайда болушуна алып барышы мүмкүн. Чындыгында, дивиденддердин төлөнүшү толугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана коммерциялык ишкердиктин адаттагы практикаларына ылайык түрдө төлөндү жана да Кыргыз Республикасынын казыкчылыктарына эч кандай зыян келтирилген эмес.
Центерра бир нече жыл аралыгында Кумтөр алтын кенин иштетүү жана өндүрүш аракеттерин колдоо максаты менен КГКга 2 млрд доллар инвестициялаган. Мындан тышкары, Центерра КГКнын жалгыз акционери болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, КГК алтынды өндүрүп сатуудан алган кирешесинен Центеррага дивиденддерди төлөөгө толук укуктуу. Ушул дивиденддер Центерра үчүн инвестицияларын кайтаруу жана инвестицияларынан пайда көрүүнүн мыйзамдуу жана жалпы таанылган механизми катары эсептелинет. Тийиштүү Кыргыз мыйзамдарында, алардын ичинде «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамда, ушуга окшош төлөмдөр алдын ала каралган. Ошондой эле жоболорду, ар бири 2009-ж. КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген, Кумтөр долбоорун жөнгө салган келишимдер да камтыйт.
Чындыгында, туунду компаниялар тарабынан дивиденддерди төлөө жалпысынан эле Кыргызстандык мекемелер үчүн дагы, чет элдик мекемелер үчүн дагы кеңири колдонулган практика болуп саналат. Кыргыз мекемелеринин көбү, алардын ичинде «Кыргызалтын» АК (Кыргызалтын) сыяктуу мамлекеттин ээлигинде болгон мекемелер, ушуга окшош төлөмдөрдү жасап келет.
Центерранын акцияларынын үчтөн бири Кыргызалтындын ээлигинде болгондугун дагы эстетип кетели. Ошондуктан, КГК тарабынан Центеррага төлөнгөн ар кандай дивиденддер Кыргыз Республикасына эч кандай зыян келтирбейт. Тескерисинче, бул кирешени эң ири акционери Кыргызалтын болгон компанияга которуу болуп саналат. 2010-жылдан тартып, Центерра Кыргызалтынга дивиденд түрүндө 67 млн доллардан ашуун сумма которгон.
Ушул дивиденддер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Центерра тарабынан 2014-ж. январь айында кол коюлган Кумтөр долбоорун рестурктуризациялоо шарттары боюнча келишими алкагында учурдагы КГКны реструктиризациялоого байланыштуу жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө тийешеси бар экен деген уламыштар айтылып жатат. Бул уламыштардын эч кандай негизи жок. Центеррага маалым болгондой, Кыргызалтындын эл аралык финансылык кеңешчилери болгон DLA Piper (Ди-Эл-Эй Пайпер) жана Pricewaterhouse Coopers (Прайсуотерхаус Куперс) мекемелери төлөнгөн дивидинддердин Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына же сунушталган реструктуризацияга эч кандай таасир этпегендигин тастыкташты.