Торонто, Канада, 2016-ж. 6-июну: «Центерра Голд Инк.» компаниясы (мындан ары: «Центерра» же «Компания») Кыргыз Республикасындагы соттук териштирүүлɵрдүн жүрүшү жана «Центерранын» Кыргыз Республикасындагы туунду компаниялары менен алардын жогорку жетекчилигине карата Кыргыз Республикасынын соттук жана мамлекеттик органдары тарабынан киргизилген чектɵɵ чаралары жɵнүндɵ билдирет.Бул жана «Компания» буга чейин билдирген Кыргыз Республикасынын соттук жана мамлекеттик органдарынын башка аракеттери кошулуп, «Кумтɵр» долбоорун жөндөөчү макулдашууларды бузууга жатат жана «Центерранын» «Кумтɵр» долбоорун натыйжалуу иштешин башкарууга жана долбоорго ээлик кылуудан экономикалык пайдасын көрүүгө фундаменталдык укуктарына коркунуч жаратат. Мурда билдирилгендей, «Центерра» тарабынан Кыргыз Республикасы койгон доолор менен аракеттерди талашуу үчүн эл аралык арбитраж демилгеленген. «Компания» Кыргыз Республикасынын соттук жана мамлекеттик органдарынын аракеттерине жооп катары бардык мүмкүн болгон варианттарды да баамдоодо.
2016-ж. 3-июнунда «Кумтɵр» тарабынан курчап турган чɵйрɵнү булгоо үчүн 220 млн. АКШ доллары ɵлчɵмүндɵгү кошумча тɵлɵмдү жүргүзүүгɵ тийиш дегендей КРнын Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (КТЧКжТЧМА) доосун кароо жɵнүндɵ иш боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун отуруму болуп ɵткөн. Сот тарабынан каралып жаткан доонун маӊызы боюнча чечим кабыл алынган жок. Бирок, КТЧКжТЧМАнын талабы боюнча, сот тарабынан КТЧКжТЧМАнын «Центерранын» Кыргыз Республикасындагы 100 пайыздык туунду компаниясы болгон «Кумтɵр Голд Компаниге» карата доосун камсыз кылуу боюнча чараларды кɵрүү жɵнүндɵ аныктама кабыл алынган. Компания тарабынан Райондор аралык соттун аныктамасынын расмий тексти азырынча алына элек болсо да, аны менен КГКга мүлкүн же активдерин берүү, дивидендерди бɵлүштүрүү жана тɵлɵп берүүнү, заемдорду берүүнү кошо алганда, айрым финансылык операциялар менен байланышкан айрым аракеттерге тыюу салынганы белгилүү.
Соттун кɵрсɵтүлгɵн аныктамасы токтоосуз күчүнɵ кирет. Соттун бул чечими 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашууну кошо алганда, 2009-жылдагы макулдашуулар менен каралган инвестицияларды коргоо жɵнүндɵ кепилдиктерди ачык бузуу болуп саналат, себеби, сот тарабынан коюлган чектөөлөр «Центерранын» «Кумтɵр» долбооруна ээлик кылуудан экономикалык пайда көрүүгө фундаменталдык укуктарынан ажыратат. КГК Райондор аралык соттун бул аныктамасын Кыргыз Республикасынын жогорку турган соттук инстанцияларына даттанууга ниеттенет жана бул доо менен ал жɵнүндɵ Компаниянын 2016-ж. 30-майындагы маалыматтык билдирүүсүндɵ билдирилген «Центерранын» Кыргыз Республикасына карата эл аралык арбитражга берген доосун толуктайт.
Мындан тышкары, «Компания» Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (КР БП) тарабынан КГКнын аты аталбаган бир катар жетекчилерине карата жаӊы кылмыш иши козголгуп, алар кызматтык милдеттерин ашкере пайдаланып, «Кумтɵрдүн» активдерин жоготууга алып барган аракеттерге катышып, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына зыян келтирүү айыбы тагылууда. Ɵзгɵчɵ тергɵɵнүн кызыкчылыгы КГК түзгɵн белгилүү бир коммерциялык бүтүмдɵрдүн, атап айтканда, компаниянын кадимки коммерциялык ишмердүүлүгүнүн алкагындагы товар жана керектөөлөрдү сатып алуу, ошондой эле 2014 – 2015-жж. «Кумтɵр» кениндеги турак жай лагерин жаӊы орунга кɵчүрүүгө байланышкан жумшоолордун экономикалык максатка ылайыктуулугуна тийиштүү сымал. Андан тышкары, бул иликтɵɵнүн алкагында КР БПнын кызматкерлери КГКнын кеңсесинде тинтүүлөрдү жүргүзүп, алардын жүрүшүндɵ документтер жана каттоо жазуулары алынган. Компания жана КГК кандайдыр-бир коммерциялык бүтүмдɵрдүн же КГКнын жетекчилеринин аракеттеринин укукка жат экендиги жɵнүндɵ айыптоолорду чечкиндүү талашат. Компания жана КГК КР БПнын аракеттерин Кыргыз Республикасынын сотторунда жана эл аралык арбитраждык сотто даттанууга ниеттенишет.
Акырында, Компания КР БПнын тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы КГКнын айрым чет элдик жетекчилерине азыркы учурда аларга Кыргыз Республикасынын территориясынан чыгып кетүүгɵ жол берилбегендиги жɵнүндɵ маалымдар кылгандыгы жɵнүндɵ билдирет. Компания бул тыюу салуу алар жɵнүндɵ Компания мурда билдирген кылмыш иштерин тергɵɵ уланып жаткандыгына байланыштуу коюлган деп болжолдойт. Компания жана КГК аларга карата тыюу салуу киргизилген адамдарга КР БПнын тапшырмасынын негиздүүлүгүн талашууда, ошондой эле тийиштүү консулдук колдоо алууда жардам кɵрсɵтүүдɵ.
«Центерра» компаниясы жɵнүндɵ: «Центерра» Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнɵнүн башка региондорунда алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгɵ, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын ɵндүрүүчү компания. “Центерра” Борбор Азиядагы алтын ɵндүрүүчү ири батыш компаниясы болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG коддолуусу астында жүгүртүлɵт. Компаниянын башкы офиси Канаданын Онтарио пр. Торонто шаарында жайгашкан.
«Центерра» жɵнүндɵ кошумча маалымат корпоративдик сайтында жана маалыматты электрондук издɵɵнүн SEDAR системасында жеткиликтүү.