«Центерра Голд Инк.» Stratex International Plc. компаниясынын Түркияда жайгашкан «Öksüt Gold» долбоорундагы акцияларынын 30%ын сатып алуу жөнүндө макулдашуу түздү. Бүтүм аяктагандан кийин «Центерра Голд» «ÖksütGold» долбоорунун абсолюттук ээси болуп калмакчы.
Stratex компаниясынын долбоордогу кызыкчылыктары 20 млн. АКШ долларына бааланууда, ал бүтүм аяктагандан кийин төлөнүп берилмекчи. Бүтүмдө алтынды кайра иштетүүчү заводдон ишкананын таза пайдасынан 1% өлчөмдө ар жылдык роялти төлөө да карлган. Ноябрда «Центерра Голд» Öksüt кенинде геологиялык чалгындоо иштерине 6,8 млн. АКШ долларын инвестициялаган. Компания ресурстарды баштапкы баалоону 2013-жылдын башталышында аяктоону пландаштырууда.
«Центерра Голд» компаниясынын пресс-релизинин толук тексти менен сайтынан таанышууга болот.