“Центерра Голд Инк” компаниясы 2013-жылдын 3-майында өрөөндөгү Давыдов мөңгүсүнүн этегине төгүлгөн иштетилген керексиз топурактардын жылышы күткөндөгүдөн ылдам болуп жатканын расмий билдирди. Март айынын ортосунан тартып төгүлгөн керексиз топурактардын жылышы күтүлгөн ылдамдыктан ашып, ошонун айынан кендин айрым түзүмдөрүн башка жерге которууну ылдамдатуу зарылдыгын жаратты-деп кабарланат компаниянын билдирүүсүндө.
Давыдов мөңгүсүнүн этегине төгүлүүчү керексиз топурактардын жылышы Кумтөр кенинин (2012-жылдын 20-декабрындагы) Техникалык тактамасында көрсөтүлгөн, керексиз топурактардын кыймылы кендин айрым инфрастуктураларын башка жерге которуу керектиги тактамада белгиленген, анда устакананы, административдик имаратты жана электрдик подстанцияларды которуу каралган. Компания кызматкерлердин, өндүрүштүн коопсуздугун камсыздоо жана алтын чыгаруунун мерчемделген көлөмүнө таасирин тийгизбөө максатында кендин инфраструктураларын башка жерге которуунун жүрүшүн тездетүү ишине киришти.
Таштандылардын кыймылынын ылдамдашына байланыштуу Компания Давыдов мөңгүсүнүн этегине керексиз таштанды топурактарды төгүүнү токтотту. Жакынкы күндөрдө компания керексиз таштанды топурактарды уруксат берилген, азыркы учурда кыймылга келбеген участкаларга төгүп баштайт. Азыркы мезгилде керексиз таштанды топурактарды төгүүнүн узак мөөнөткө эсептелген шайкеш мерчемин иштеп чыгуу аракети аяктап калды. Ушул мерчемди кабыл алуу иштерин ыкчамдатуу максатында компания Кыргызстандын жергиликтүү көзөмөлдөө органдары жана тышкы техникалык консультанттар менен тыкыс кызматташып жатат.
Компания керексиз топурак таштандыларынын жылышын изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү да ишке ашырып жатат.
Пресс-релиздин толук тексти менен “Центерранын” корпоративдик www.centerragold.com вебсайтынан таанышсаңыздар болот.