«Центерра Голд Инк» «Кумтɵр» долбоорун реструкташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү менен сүйлɵшүүлɵрдүн статусу жɵнүндɵ билдирет

Жарыяланган: 23 December 2015

Торонто, Канада, 2015-ж. 22-декабры: «Центерра Голд Инк» (TSX: CG) бүгүн компания тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.А.Сариев мырзанын милдеттүү күчкɵ ээ эмес 2014-ж. 18-январындагы «Кумтɵр» долбоорун реструкташтыруу шарттары жɵнүндɵ макулдашууну (мындан ары – «РШЖМ») жүзɵгɵ ашыруу боюнча сүйлɵшүүлɵр процессинен чыгуу ниети жɵнүндɵ билдирүүсүн алгандыгын билдирди.
РШЖМга ылайык, «Кумтɵр» долбоорун реструкташтырууну жүзɵгɵ ашкан учурда, «Кыргызалтын» ААКы биргелешкен ишканада 50% үлүш алмак, ɵз кезегинде биргелешкен ишкана Центеррада 32,7%ды түзгɵн ɵз үлүшүнɵ алмашуу менен «Кумтɵр» долбооруна ээлик кылмак.
Премьер-министр Сариев билдирүүсүндɵ Ɵкмɵт Центерра менен «Кумтɵр» долбоорунун мындан аркы натыйжалуу иштеши үчүн жаӊы сүйлɵшүүлѳрдү баштоону каалагандыгын маалымдайт. Премьер-министр «Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү мурдагыдай эле «Кумтɵр» кен ишканасында ɵндүрүштүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга жана «Кумтɵр» долбоорун мыкты дүйнɵлүк практикага, кен казып алуу тармагынын ачыктыгы демилгесининин стандарттарына жана талаптарына ылайык мындан ары натыйжалуу жүзгɵгɵ ашырууну камсыз кылууга ɵтɵ кызыкдар экендигин да» билдирет.
«Кумтɵр» долбоору 2009-ж. 6-июнунда түзүлгɵн инвестициялык макулдашуу жана башка ɵз ара байланышкан макулдашуулар (биргелешип «Кумтɵр» долбоору боюнча макулдашуулар» деп аталган) менен жɵнгɵ салынат, аларда «Кумтɵр» долбоору боюнча салык салуунун жана тɵлɵмдɵрдүн аныкталган шарттары (башкалар менен кошо эле) белгиленет. «Кумтɵр» долбоору боюнча макулдашуулар 2009-ж. Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүн жана Жогорку Кеӊешин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын бардык тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан жактырылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги берген юридикалык корутундунун, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун оӊ токтомунун предмети. «Кумтɵр» долбооруна карата бардык дискуссиялар «Кумтɵр» долбоору боюнча макулдашууларда каралган ошол укуктук милдеттенмелерди эске алууга тийиш. Бардык сүйлɵшүүлɵр Центерранын бардык акционерлерине карата адилет болгон жыйынтыкка алып келүүгɵ тийиш. «Кумтɵр» долбоору боюнча макулдашууларга ылайык, «Кумтɵр» долбооруна тиешелүү бардык талаштар эл аралык арбитраждык сотто каралууга тийиш.
«Кумтɵр» долбоору боюнча түзүлгɵн макулдашууларга ылайык, Центерра «Кумтɵр» долбооруна таасир этүүчү бардык болгон маселелерди жɵнгɵ салуу максатында Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү менен конструктивдүү жана ак ниет кызматташууну улантат. Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү менен маселелерди ийгиликтүү жɵнгɵ салуунун узак тарыхына карабастан, Центерра Ɵкмɵт менен Центерранын ортосундагы сүйлɵшүүлɵр жыйынтыгында «Кумтɵр» долбооруна боюнча эк тарапты тең канааттандырган чечимге алып келе тургандыгына, Кыргыз же Канада мыйзамдарынан толук колдоо табарына же Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү жана/же Жогорку Кеӊеши тарабынан «Кумтɵр» долбоору боюнча макулдашуулардын алкагында Ɵкмɵт ɵзүнɵ алган милдеттенмелерге дал келбеген иш аракеттер болбойт деп кепилдик бере албайт.
Пресс-релиздин толук тексти менен бул жерден тааныша аласыз.

Предыдущая публикацияКумтɵрчүлɵр Кара-Балта шаарында кайрымдуулук акциясын ɵткɵрүштү Следующая публикация«Кумтөрдүн» кызматкерлери «Кыргыз Республикасындагы маркшейдериянын, геотехниканын, ачык тоо-кен жана жардыруу иштеринин абалы жана келечеги» илимий-техникалык конференцияга катышышты
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.