«Центерра Голд Инк.» терең кайгыруу менен Кыргыз Республикасындагы «Кумтөр» кенинде кырсык болгонун маалымдайт.
2017-жылдын 11-апрелинде компаниянын автомеханик кызматкери иш ордунда жеңил машине текшерүү учурунда алган жаракаттан каза тапкан. Ички иликтөөлөр баштаплып, «Кумтөрдүн» жетекчилиги тиешелүү Кыргыз кызматтары менен тыгыз иштешүүдө.
Центерранын Башкы кызмат адамы Скотт Перри: «Центерра» менен «Кумтөр» терең кайгыруу менен маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындары жана кесиптештерине көнүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт. «Центерра» штаттагы жана келишим боюнча эмгектенген бардык кызматкерлердин, кайсы иш участогу болбосун, аманчылыгына дилгирлик менен кам көрөт. Эмгек менен саламаттыкты коргоп, коопсуздукту камсыздоо – компаниянын башкы принциптери, жана бул кайгылуу окуя компанияны толук камтыган коопсуздуктагы лидерлик боюнча жүзөгө ашырып жаткан “Work Safe, Home Safe” программасына жигердүүлүктү арттырат» – деп билдирди.