«Центерра Голд» Кыргыз Республикасы тараптан экологиялык дооматтар жɵнүндɵ билдирет

Жарыяланган: 27 May 2016

Торонто, Канада, 2016-ж. 25-майы: «Центерра Голд Инк» компаниясы (мындан ары: «Центерра» же «Компания») Кыргыз Республикасында Бишкек райондор аралык соту бүгүн «Центерранын» 100 пайыз туунду компаниясы «Кумтɵр Оперейтинг Компанияга» (КОК)  карата КРнын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (ЭТКМИ) экологиялык дооматтарын канааттандырганы жана 6 698 878 290 кыргыз сому (болжол менен 98,4 млн. АКШ доллары) ɵлчɵмүндɵ компенсация тɵлɵɵгɵ милдеттендиргени жɵнүндɵ билдирет. ЭТКМИнин тастыктоосу боюнча, бош текти Кумтɵрдүн тɵгүндүлɵрүндɵ жайгаштырууга адатта ɵнɵр жай жана тиричилик калдыктарына карата колдонулуучу тарифтер боюнча акы тɵлɵɵгɵ жатат. Мына ошентип, Бишкек ш. райондор аралык соту тарабынан ЭТКМИнин экинчи дооматы канааттандырылды, себеби, кечээ ЭТКМИнин ɵнɵр жай жана чарбалык-тиричилик агындыларын тазалоочу жабдуулардын эсепке алынбаган калдыктарына байланыштуу 663 839 кыргыз сому (болжол менен 10 миӊ АКШ доллары) суммадагы дооматы канааттандырылган. «Центерра» жана КОК ЭТКМИнин дооматтарында билдирилген талаптарга таптакыр каршы жана эки соттук чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна жана зарылчылык болсо – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанмакчы. Андан тышкары, «Центерра» да, КОК да мындай түрдɵгү талаштарды эл аралык арбитражга берүү укугун ɵзүндɵ калтыра тургандыгы айдан-ачык.

Бүгүнкү күндɵ ЭТКМИ Райондор аралык сотко жɵнɵткɵн экологиялык мүнɵздɵгү эки доомат карала элек: бири жер ресурстарына зыян келтирилди деген сыяктуу (сот отуруму 27-майга дайындалган) жана экинчиси – сууну пайдалануу үчүн акы тɵлɵбɵɵ фактысы (сот отуруму 30-майга дайындалган). ЭТКМИнин азырынча каралбаган эки дооматында жалпысынан 5 млн. АКШ долларына жакын сумманы түзгɵн компенсация тɵлɵп берүү каралган. Мындан тышкары, Райондор аралык сотко КРнын Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КТЧКжТЧМА) тарабынан да доомат коюлган, ага ылайык, КОК курчап турган чɵйрɵгɵ таасир эткени үчүн кошумча тɵлɵмдү тɵлɵɵ боюнча карыз болууга жол берген жана 220 млн. АКШ долларына жакын суммада келтирилген зыяндын ордун толтурууга тийиш. КТЧКжТЧМАнын дооматтарын кароо боюнча соттук отурум үстүбүздɵгү жылдын 30-майында болууга тийиш.

Мурда түшүндүрүлгɵндɵй, «Центерра» ЭТКМИ да, КТЧКжТЧМА да койгон талаптарга таптакыр каршы жана ал дооматтарды орунсуз деп эсептейт. «Кумтɵр» долбоорунун бүт ишмердүүлүгү долбоор боюнча 2009-жылдагы макулдашууларды бекем аткарууга багытталган, алар менен гана «Кумтɵр» долбоорунун бардык ишмердүүлүгү жɵнгɵ салынат. Бул макулдашуулар ɵзүнɵ 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашууну камтыйт, анда «Кумтɵр» долбоору үчүн милдеттүү болгон бардык салыктардын, тɵлɵмдɵрдүн жана башка тɵлɵп берүүлɵрдүн толук тизмеси камтылган. Андан тышкары, «Кумтɵр» долбоору кɵптɵгɵн жылдар аралыгында кыргыз жана эл аралык эксперттерди тартуу менен жүргүзүлгɵн системалуу текшерүүлɵр менен иликтɵɵлɵрдүн предмети болуп калды, алар «Центерра» компаниясынын Директорлор кеӊешинин Коопсуздук, ден соолукту жана курчап турган чɵйрɵнү коргоо маселелери боюнча комитетинин ɵтүнүчү боюнча «Кумтɵр» тарабынан коопсуздук, ден соолукту жана курчап турган чɵйрɵнү коргоо нормативдеринин сакталуу маселесин тыкан изилдеп чыгышкан.

ЭТКМИ жана КТЧКжТЧМА тарабынан тиешелүү түрдɵ 2012- жана 2013-жылдары биринчи жолу коюлган кɵрсɵтүлгɵн дооматтар 2009-жылы кайра каралган инвестициялык келишимде камтылган эл аралык арбитраж жɵнүндɵ жоболорго туура келет. Ошондуктан «Центерра» ЭТКМИ жана КТЧКжТЧМА тарабынан коюлган дооматтарды Кыргыз Республикасынын соттук инстанцияларында талашууну уланта берет жана/же Кайра каралган инвестициялык макулдашууга толук ылайык эл аралык арбитражга кайрылууну чечет.

Компания «Кумтɵр» долбоорунун ишмердүүлүгүнүн бардык мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен конструктивдүү нукта жемиштүү жана тыгыз кызматташкан жана «Кумтɵр» долбооруна таасир этүүчү бардык талаш маселелерди, анын ичинде: (а) ЭТКМИ жана КТЧКжТЧМА тарабынан экологиялык дооматтар; (б) КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан «Кумтɵр Голд Компани» (КГК) компаниясы тарабынан «Центерра» компаниясына 200 млн. АКШ доллары суммасындагы корпорациялар аралык дивидендендди которуу жана бул дооматтын алкагында 2016-ж. 28-апрелинде КГКнын Бишкек офисинде тинтүү жүргүзүү фактысы боюнча; (в) Башкы прокуратура тарабынан коюлган Кумтɵрдүн жерди пайдалануу сертификатын жокко чыгаруу жана бир катар аянттарды Кумтɵрдүн концессиялык территориясынан алып коюу; ошондой эле (г) алардын жоктугу «Кумтɵр» долбоорунун 2016-ж. 1-июлунда токтоосуна алып келүүчү кен ишканасынын ишмердүүлүгүнүн ар жылдык планы боюнча уруксат берүүлɵр жана макулдашуулар жɵнүндɵ азырга чейин чечилбеген маселесин чечүү максатында мындан ары да бул кызматташууну жүзɵгɵ ашыруу милдеттенмесин ɵзүнɵн алып салбайт. Ошол эле учурда, Компания «Кумтɵр» долбоорунун ишмердүүлүгүнɵ таасир этүүчү бардык же кандайдыр-бир айрым маселелерди ийгиликтүү чече ала тургандыгына эч кандай кепилдик жок. Кɵрсɵтүлгɵн маселелер Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүн жана парламентин «Кумтɵр» долбооруна байланыштуу макулдашуулар боюнча Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнүн милдеттенмелери менен дал келбɵɵчү, мисалы, «денонсация» жɵнүндɵ мыйзамды же «Кумтɵр» долбоору боюнча макулдашуулардын же Кыргыз Ренспубликасында ага байланыштуу кабыл алынган мыйзамдардын аракетин алып салуу же токтотуу каралган мыйзамды кабыл алууга алып барбай тургандыгынын да кепилдиги жок. Бардык кɵрсɵтүлгɵн маселелерди ийгиликтүү чечүүнүн мүмкүн эместиги Компаниянын болочок накталай агымдары, кирешелери, ɵндүрүштүк натыйжалары жана финансылык абалы кɵз карашынан ал үчүн олуттуу терс кесепеттерге ээ боло алат.

«Центерра» компаниясы жɵнүндɵ: «Центерра» Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнɵнүн башка региондорунда алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгɵ, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын казып алуучу компания болуп саналат. «Центерра» Борбор Азиядагы ири алтын ɵндүрүүчү батыш компаниясы. «Центерранын» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлɵт. Компаниянын башкы офиси Канаданын Онтарио провинциясынын Торонто шаарында жайгашкан.

«Центерра» жɵнүндɵ кошумча маалымат www.centerragold.com корпоративдик сайтында жана SEDAR маалыматты электрондук издɵɵ системасында www.sedar.com жеткиликтүү.

Предыдущая публикация«Кумтɵр Голд Компани» ЖАК Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин дооматтарына расмий комментарийи Следующая публикация«Центерра» арбитраждык сотко доо бергендиги жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ билдирүү жɵнɵттү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.