Торонто, Канада, 2015-ж. 3-августу: «Центерра Голд Инк. » компаниясына белгилүү болгондой 2004-2008-жылдарда «Центерра Голд» компаниясында Президент жана Башкы кызмат адамы кызматын ээлеген Леонард Хоменюк кармалган, Болгариянын бийликтери тарабынан бул Кыргыз Республикасынын бийликтеринин ɵтүнүчү боюнча болгон окшойт.
Л. Хоменюк «Центеррада» 2008-ж. июнунан бери иштебейт. «Центерра» болгон окуя жɵнүндɵ Болгариянын да, Кыргыз Республикасынын да бийликтери тарабынан маалымдалган эмес. Ага кармоонун негиздери да түшүндүрүлгɵн эмес.
Ал ортодо, бул кармоо 2003 – 2004-жылдары «Кумтɵр» долбоорун реструкташтырууга байланыштуу орун алган имиш делген Кыргыз Республикасынын расмий адамдары менен мыйзамсыз келишим түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын билдирүүлɵрү менен байланышкан окшойт. «Центерра» ага мындай айыптоолор үчүн кандайдыр-бир мыйзамдуу негиздер белгисиз экендиги жɵнүндɵ бир нече жолу ачык жарыялаган, аларды таптакыр орунсуз деп эсептейт. Чынында эле, «Центерра» тарабынан мурда бул айыптоолорду текшерүү жүргүзүлгɵн, бирок алар үчүн эч кандай негиздер табылган эмес. «Центерра» бир нече жолу Кыргыз Республикасынын бийликтеринен мындай түрдɵгү айыптоолор үчүн фактыларга негизделген маалымат сураган, бирок ага андай маалымат берилген эмес.
Акыркы эки жылда «Центерра» Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү менен Кыргыз Республикасынын «Центерра» компаниясындагы үлүшүн реструкташтыруу маселеси боюнча интенсивдүү консультацияларды жүргүзгɵн. Мындай түрдɵгү реструкташтыруунун максаты «Центерра» менен Кыргыз Республикасынын ортосунда 2009-жылы түзүлгɵн, андан кийин Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү да, Парламенти да тарабынан бекитилген жана андан тышкары, КРнын Юстиция министрлигинде жана КРнын Конституциялык сотунда юридикалык экспертизадан ɵткɵрүлгɵн долбоор боюнча ал комплекстүү келишимдерди күчүндɵ сактап калуу болгон. «Центерра» 2009-жылдагы макулдашуулар күчүндɵ калып жатканына ынанат, а бул макулдашууларга ылайык, долбоорго карата бардык талаштар зарыл учурларда эл аралык арбитраж менен чечилүүгɵ жатат.
«Центерра» Л.Хоменюк үй-бүлɵ мүчɵлɵрү менен эс алып жаткан мезгилде болуп ɵткɵн кармалуусуна байланыштуу тереӊ кабатырланганын билдирет жана анын кармалуусунун мыйзамдуулугун текшерүүгɵ жетишүүгɵ умтулуусуна кошулат.
«Центерра» компаниясы жɵнүндɵ маалымат
«Центерра» – Азиянын, Канаданын рынокторунда жана дүйнɵнүн башка региондорунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана алтыны бар кендерин алуу менен алектенген алтын ɵндүрүүчү компания. «Центерра» Борбор Азиянын территориясындагы ири батыш алтын ɵндүрүүчүсү. «Центерранын» акциялары Торонто шаарынын фондулук биржасында CG символу астында жүгүртүлɵт. Компания Канаданын Торонто шаарында, Онтарио штатында жайгашкан.
«Центерра» компаниясы жөнүндө кошумча маалымат Компаниянын веб-сайтында www.centerragold.com жана SEDAR системасында төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылган www.sedar.com.