«ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК.» КОМПАНИЯНЫН ИШИНИН НАТЫЙЖАЛАРЫ БОЮНЧА ДИВИДЕНДДЕРДИ ТӨЛӨП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРЕТ

Жарыяланган: 30 July 2014

«Центерра Голд Инк.» 2014-жылдын 29-июлда билдиргендей, компаниянын Директорлор кеңеши жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд (жалпысынан болжол менен 8,7 млн. АКШ доллары) эсептөөгө буйрук берди. Бул дивиденд Торонтодогу биржада 2014-жылдын 14-августуна карата катталган бардык акционерлерге 2014-жылдын 28-августта төлөнүп берилмекчи. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору колдонулат.

«Центерранын» дивиденддик саясатына ылайык, дивиденддерди төлөө убактысы жана өлчөмү мезгил-мезгили менен Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат жана башка бардык нерселер сыяктуу эле компаниянын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнөн, накталай акчанын агымдарынан жана финансылык абалдан, капиталга утурумдук жана күтүлүүчү муктаждыктардан, ошондой эле компаниядагы иштердин жалпы абалынан көз каранды.

Предыдущая публикацияЖети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында ӨКМ машыгуулары өттү Следующая публикацияКараколдо макулатура кеңсе буюмдарына алмаштырылды
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.