«ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК.» КОМПАНИЯНЫН ИШИНИН НАТЫЙЖАЛАРЫ БОЮНЧА ДИВИДЕНДДЕРДИ ТӨЛӨП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРЕТ

Жарыяланган: 31 October 2013

Centerra Gold Inc.«Центерра Голд Инк.» 2013-жылдын 30-октябрда билдиргендей, компаниянын Директорлор кеңеши жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд (жалпысынан болжол менен 9 млн. АКШ доллары) эсептөөгө буйрук берди. Бул дивиденд Торонтодогу биржада 2013-жылдын 25-ноябрына карата катталган бардык акционерлерге 2013-жылдын 15-ноябрында төлөнүп берилмекчи. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору колдонулат.

«Центерранын» дивиденддик саясатына ылайык, дивиденддерди төлөө убактысы жана өлчөмү мезгил-мезгили менен Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат жана башка бардык нерселер сыяктуу эле компаниянын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнөн, накталай акчанын агымдарынан жана финансылык абалдан, капиталга утурумдук жана күтүлүүчү муктаждыктардан, ошондой эле компаниядагы иштердин жалпы абалынан көз каранды.

Предыдущая публикация«Кумтөр» компаниясынын Балыкчы шаарындагы маалымат бюросу эми жаңы даректе жайгашкан Следующая публикацияКумтөр бардык кызыктар уюмдарды Кумтөр кен казуу жайында, жаңы инфраструктура объектилерин куруу долбоору алкагында, долбоорлоо жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тандоо процессине катышууга чакырат.
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.