«ЦЕНТЕРРА ГОЛД ИНК.» КОМПАНИЯНЫН ИШИНИН НАТЫЙЖАЛАРЫ БОЮНЧА ДИВИДЕНДДЕРДИ ТӨЛӨП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРЕТ

Жарыяланган: 07 May 2014

Centerra Gold Inc.«Центерра Голд Инк.» 2013-жылдын 6-майында билдиргендей, компаниянын Директорлор кеңеши жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд (жалпысынан болжол менен 8,7 млн. АКШ доллары) эсептөөгө буйрук берди.
Бул дивиденд Торонтодогу биржада 2014-жылдын 5-июнуна карата катталган бардык акционерлерге 2014-жылдын 22-майында төлөнүп берилмекчи. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору колдонулат.

«Центерранын» дивиденддик саясатына ылайык, дивиденддерди төлөө убактысы жана өлчөмү мезгил-мезгили менен Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат жана башка бардык нерселер сыяктуу эле компаниянын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнөн, накталай акчанын агымдарынан жана финансылык абалдан, капиталга утурумдук жана күтүлүүчү муктаждыктардан, ошондой эле компаниядагы иштердин жалпы абалынан көз каранды.

Предыдущая публикацияЫсык-Көл областынын фермерлери поляк карагатынын 17 000 көчөтүн алышмакчы Следующая публикация«Кумтөр» компаниясы Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун бир катар айылдарында ирригациялык системаларды реабилитациялайт
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.