«Центерра Голд Инк» компаниясы Монголияда эч кандай активдерге ээ эмес

Жарыяланган: 12 December 2019

Акыркы кезде айрым бир жалпыга маалымдоо каражаттарында “Монголиянын аппеляциялык соту Центерра Голддун 4 лицензиясын БӨУ пайдасына алып койду” деген маалыматтар чыккан. Ушуга байланыштуу «Кумтɵр Голд Компани» (КГК) жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматты төгүндөп, «Центерра Голд Инк.» компаниясы 2018-жылдын октябрь айынан тартып Монголияда бизнес ишмердигин жүргүзбɵгɵнүн жана Монголияда активдерге же объектилерге ээ болбогонун баса белгилейт.

«Центерра Голд Инк» бул Торонто фондулук биржасында катталган Канадалык компания жана «Кумтɵр», «Маунт Миллиган», жана «Оксүт» кендерине жана дүйнɵ жүзүндɵгү башка кен жайларга ээ. 2018-жылдын октябрь айына чейин, «Центерра Голд Инк.» Монголиядагы эки туунду ишкана аркылуу иштеткен бизнес-бɵлүмгө ээ болгон. Бул Монголиялык компаниялар “Centerra Gold Mongolia LLC” жана “Boroo Gold LLC” деп аталышчу. 2018-жылдын октябрь айында «Центерра Голд Инк.» ɵзүнүн Монголиялык бизнесин Сингапурда негизделген «OZD GROUP PTE Ltd.» аттуу жеке компанияга саткан. Транзакция бул аталган эки компанияны – «Centerra Gold Mongolia LLC» жана «Boroo Gold LLC» (бүтүндɵй бойдон) «OZD GROUP PTE Ltd» компаниясына сатуу менен аяктаган. Кошумча маалыматты «Центера Голд»ун тɵмɵнкү пресс-релизинен алсаңыз болот: https://s3.amazonaws.com/centerragold/news/October2018/A6rvd5bxeVejnZsmpFAD.pdf .

«Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат www.sedar.com SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.
_______________________________________________________________________
Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.
Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com
– Соңу –

Предыдущая публикация«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК («КГК») Ысык-Көл облусунда катталган мекемелерди чоң жүк ташуучу техникасынын (экскаваторлор, бульдозерлер жана грейдерлер) асылма жабдууларын жана компоненттерин калыбына келтирүү боюнча кызматташууга чакырат Следующая публикация«Кумтɵр» кениндеги АЫФта эритүү чандарын орнотуу
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.