– «Центерранын» канча акциясы Кыргызстанга таандык?
-Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. Кыргызстандын акциялар пакетинин баасын сайттын башкы бетинде «КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛТЫН КӨРӨҢГӨСҮ» таблицасынан билүүгө болот. «Центерра Голд Инк.» акцияларынын бааларынын өзгөрүүлөрүн Торонто ш. фондулук биржанын сайтынан (компаниянын биржадагы символу – CG) жана «Центерра Голд Инк.» компаниянын расмий сайтынан кароого болот.
– Кендин иштешинен кыргызстан кандай пайда көрүүдө?
– «Кумтөр» Кыргызстандын экономикасына эң ири киреше алып келүүчү ишкана бойдон калууда. Биздин компания жеке сектордун эң ири салык төлөөчүсү болуп саналганынан тышкары, ал Кыргызстанда жеке сектордогу эң ири иш берүүчү да болуп саналат. Кыргызстандын 600дөй ишканасы азыркы учурда күн сайын ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгүн колдоп туруу үчүн зарыл болгон товарлардын дээрлик 11 000 аталышын беришет. Биз социалдык жоопкерчилик боюнча стратегиялык программаларыбызды жүзөгө ашыруу жолу менен жергиликтүү жамааттарга олуттуу пайда келтиребиз. Бардык милдеттүү төлөмдөр менен салыктардан сырткары «Кумтөр» компаниясы дүң кирешенин 1 пайызын Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна которот. «Кумтөр» иштеген жалпы мөөнөт ичиндеги Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөрдүн структурасы менен “Экономикага салым” бөлүмүнөн таанышууга болот.
–«Центеррадагы» Кыргызстандын өкүлдөрү ким?
Учурда «Центерра Голд Инк.» компаниясында Кыргызстандын үч өкүлү бар. Дюшен Касенов, Максат Кобонбаев жана Тенгиз Болтурук «Центерра Голд Инк.» директорлор Кеңешинин мүчөлөрү. «Центерра Голд Инк.» директорлор Кеңеши жана менеджемнти тууралуу кеңири маалымат компаниянын расмий сайтында жеткиликтүү.