МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮ

Жарыяланган: 10 January 2020

2020-жылдын 9-январында, Кумтөр кен ишканасында 2019-жылдын 1-декабрында Лысый суусунун өрөөнүндөгү бош тек үймөгүндө болгон жер көчкү натыйжасында дайынсыз жоголгон кен ишкананын эки жумушчусун издөөгө багытталган авариялык-куткаруу жумуштары токтотулду. Издөө чараларын токтотуу чечими Кумтөр кен ишканасынын жоголуп кеткен жумушчуларынын туугандарынын макулдугу менен кабыл алынган.

 «Центерра Голд Инк.» компаниясынын вице-президенти жана ɵндүрүш боюнча башкы директору Дэниел Дежарден: «Биз бул кырсыкка терең кайгырабыз жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана кесиптештерине кайгысын тең бөлүшүү менен, көңүл айтабыз. Компания жер көчкүнүн себептерин жана бош тектин урашына эмне түрткү болгонун так билүү үчүн, жана андай кырсыктарды башка болтурбоо үчүн башкача иштөө ыкмалардын сунуштоосун алуу үчүн бардык тиешелүү мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен тыгыз иштешет. «Кумтөр» компаниясы биздин дүйнөлүк класстагы ишканада эмгектин коопсуздугун арттыруу үчүн алгылыктуу кадамдарга барды жана биздин штаттагы жана келишим боюнча иштеген кызматкерлердин кайсы участокто иштебесин, өмүрү жана саламаттыгына дыкат көңүл бөлөт. Жумуш орундагы коопсуздукту камсыз кылуу, кызматкерлердин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо – бирдин күнүмдүк ишибиздин башкы принциби, жана болгон кырсык биздин компаниянын бирин да калтырбай, бардык участокторунда коопсуздук чараларын арттыруу зарылдыгын дагы мурункудан да бекемдеди».

Предыдущая публикация«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫНЫН БАЛДАРЫН ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ Следующая публикация“Центерра Голд” компаниясы Кумтөр кенинде ачык тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат алды
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.