“Центерра Голд Инк.” компаниясынын маалыматтык билдирүүсү

Жарыяланган: 24 October 2013

Centerra Gold Inc.Торонто, Канада, 2013-ж. 23-октябры: «Центерра Голд Инк.» компаниясы ММКлардын Кыргыз Республикасында таратылган билдирүүлөрүнөн ага Кыргыз Республикасынын парламенти тарабынан токтом кабыл алынганы, анда башкалар менен катар эле парламент Кыргызстандын Өкмөтү, “Кыргызалтын” ААКсы жана “Центерранын” ортосунда 2013-ж. 9-сентябрында түзүлгөн. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө расмий эмес меморандумду бекитпегендиги айтылганы маалым болгондугу жөнүндө билдирет. ММКлардын билдирүүлөрүндө көрсөтүлгөндөй, парламент Өкмөткө Кыргыз Республикасынын биргелешкен ишканадагы үлүшүн 67%га чейин көбөйтүү жөнүндө “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдү улантуу, а өз ара алгылыктуу чечимге жетишүү мүмкүн болбогон учурда – “Кумтөр” долбоору боюнча аракеттеги макулдашууларды денонсациялоо процессин баштоону тапшырган. Компанияга дикуссияларды аяктоо үчүн парламент тарабынан 2013-ж. 23-декабры мөөнөтү аныкталганы жөнүндө белгилүү болуп калды.
«Центерра» бардык маселелерди конструктивдүү диалог жолу менен чечүү максатында Өкмөт менен дискуссияларды улантууга үмүттөнөт, бирок, мында бул маселелер боюнча бардык келишимдер “Центерранын” бардык акционерлерине карата бирдей адилеттүү болууга тийиш деп эсептейт.
Пресс-релиздин толук тексти менен бул жерден таанышууга болот:

Предыдущая публикация«Кумтөр» компаниясынын кызматкерлеринин ачык кайрылуусу Следующая публикация«Кумтор» компаниясы жана Агробизнести камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча кыргыз долбоору биргелешип Ыссык-көл облусундагы жерлерди айыл чарбалык максатта пайдаланууну баштоодо
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.