Туруктуу өнүктүрүү

Туруктуу өнүктүрүү

Биз жумуш орундарын ачып, салык төлөп, жергиликтүү қызмат көрсөтүүчүлөр менен кызматташып, жергиликтүү инфраструктурага инвестиция салуу аркылуу Кыргызстандын калкына жана экономикасына салым кошобуз.

Социалдык жоопкерчилик маселелерин башкаруу үчүн кызыкдар тараптар менен натыйжалуу өз ара аракеттешүү өтө маанилүү. Жөнгө салуу органдарын, акционерлерди, ишкананын жумушчуларын, жергиликтүү жамааттарды, чакан ишканаларды жана жалпы коомчулукту камтыган кызыкдар тараптар менен алака түзүү жана алардын маселелерине эң натыйжалуу түрдө мамиле көрсөтүү максатында Кумтөр ишканасы тарабынан структурага негизделген жараяндар жолго салынды.

«Кумтөр Голд Компани» экономикалык төлөмдөр менен чектелбей, Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда. Ага кошумча, Компания жылыга дүң кирешенин 1% Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фондуна которот.

Учурдагы кендин эксплутациялоо өмүрү 2026-ж. чейин пландалган.

Ушул күнгө чейин өлкөдөгү эң ири иш берүүчү, салык төлөөчү жана сатып алуучу болуп келген ишкананын жабылышы Ысык-Көл областына жана бүтүндөй мамлекетке терс экономикалык таасирин тийгизүүсү күтүлүүдө. Бул терс таасирди азайтуу үчүн учурдагы жамааттарды инвестициялоо стратегиясы «Кумтөр» ишканасынан көз карандысыз көп тармактуу экономиканы алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү болуп саналат. Бул кадамдар, «Кумтөр» тоо-кен жайынын эксплуатациядан чыгаруудан улам пайда болгон терс кесепеттерди азайтууга жардам берет.

Борбор Азия университетинин өнүктүрүү боюнча Жогорку мектебине кирген Мамлекеттик башкаруу институту «Алтын өндүрүүчү Кумтөр ишканасынын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү таасири» деген изилдөө өткөрүп, №32, 2015 доклад чыгарган.

Влияние золотодобывающего предприятия Кумтор на социально-экономическое развитие Кыргызстана

The Impact of Kumtor Gold Mine on the Economic and Social Development of the Kyrgyz Republic