Сатып алуулар жана Логистика

Сатып алуулар жана Логистика

Кыргызстандын экономикасына кошкон ар-түрдүү салымы үчүн «Кумтөр» мамлекеттин бюджетин түзүүчү ишкана катары белгилүү. Кыргыз Республикадагы товарларды жана кызматтарды эң ири сатып алуучу катары таасирибиз бул бөлүмдө кеңири сүрөттөлөт.

«Mining Shared Value» – «Инженерлер чек арасыз, Канада» жүргүзгөн “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын жергиликтүү рынокто сатып алууларынын анализи” изилдөөсү боюнча:

КГК акыркы жылдары жергиликтүү товарларды жана кызматтык тейлөөлөрдү көбүрөөк сатып алууга күч жумшап, компаниянын жергиликтүү сатып алууларын жогорулатууга өбөлгө боло турган ар тараптуу жергиликтүү сатып алуу стратегияларына көбүрөөк басым жасай баштады. Мүнөздүү мисалда кырааты менен белгиленген ийгиликтер, таасирлер жана маселелер, жергиликтүү сатып алууларын жогорулатууга аракет жасап жаткан кен өндүрүшүндөгү башка компаниялар жана өнөр-жай ортомчуларына баалуу тажрыйбалык маалымат болуп бере алат.

Атайын техника жана товарлардын айрым түрлөрү чет элдик булактардан гана алынып келүүсү мүмкүн болгону менен бирге, биз жергиликтүү рынокто сатып алууларды көбөйтүүнүн үстүндө үзгүлтүксүз иштейбиз. Кыргызстандын 600дөй ишканасы азыркы учурда күн сайын ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгүн колдоп туруу үчүн зарыл болгон товарлардын дээрлик 11 000 аталышын беришет. Биз берүүчүлөрүбүз тарабынан “Кумтөр” ишканасынын ийгилигине гана эмес, иш орундарын түзүүнүн жана алар кошкон башка пайдалардын эсебинен жергиликтүү жамааттардын өнүгүшүнө да салымдын маанилүүлүгүн тааныйбыз.

Бул бөлүмдө Сиз камсыз кылуу жана логистика бөлүмүнүн иш стратегиясы, товарлар менен кызмат көрсөтүүчү ишканаларга коюлган талаптар, Кыргыз Республикасынын экономикасына салымы тууралуу маалымат ала аласыз. «Кумтөр» кызматташууга чакырат» бөлүмүндө Компания тиешелүү шарттар жана талаптарды көрсөтүү менен конкурс жарыялаган товар жана кызматтардын тизмеси берилген.

Байланыштар:

«Кумтөр Голд Компани»
720031, Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24

Тел..: (+996 312) 90-07-07, 90-08-08
факс: (+996 312) 59-15-26

Жергиликтүү товар жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар коммерциялык сунуштар менен өтүнмөлөрдү төмөнкү дарекке жөнөтсө болот:

kgc.supplychain@centerragold.com