Кызматкерлер жана карьера

Кызматкерлер жана карьера

Кызматкерлерибиздин бакубаттуулугу биздин башкы приоритетибиз болуп саналат. Биз коопсуз иш шарттарында татыктуу акы төлөнүүчү иш орундарын бер͖͖үүгө умтулабыз.

«Кумтөрдө» жумушчуларыбыз, анын ичинде подряддык уюмдарыбыздын жумушчулары үчүн да камкордук жана жоопкерчилик эң жогорку деңгээлде турат.

Жумушчуларыбыз иш жеринде өздөрүн жана кесиптештерин коргой билиши үчүн, аларды коопсуз иштөө усулдарына үйрөтүп, керектелүүчү жабдыктар менен камсыз кылабыз. Биз кызматкерлерибизди пайдалуу тамак-аш менен камсыздайбыз жана алардын саламаттыгына көз салууга жана сактоого аракеттенебиз, аларды айлана-чөйрөнү урматтоо менен иштөөгө окутабыз.

Биз туруктуу кызматкерлердин ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын пайыздык катышын жогорулатууну улантуудабыз. Компаниянын 99% ашуун кызматкерлери Кыргызстан жарандары.

Кызматкерлерди жөндөм жана тажрыйбаларына карап кабыл алып, окутуп, машыктырып, сыйлык тапшырабыз. Биздин максат учурдагы кызматкерлерибиздин билимин жана жөндөмүн жогорулатып, жергиликтүү кызматкерлердин өнүгүүсүнө салым кошуу.

Ассоциацияларга катышуу эркиндиги эл аралык декларациялар жана конвенциялар менен кепилденилген адам укугу, жамааттык келишимге кол коюу процесси болсо жоопкер башкарууга ылайык келүүчү жалпы системанын бөлүгү болуп саналат, ал ишканада жоопкер башкарууга өбөлгө түзөт. Профкомдор менен «Кумтөрдүн» администрациясынын ортосунда кол коюлган Жамааттык келишим (2021-ж. 1-январында күчүнө кирди жана 2022-ж. 31-декабрына чейин күчтө).

Бул келишим эмгекке акы төлөөнү, иш графигин, эмгекти жана саламаттыкты коргоону, сыноо мөөнөтүн, кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн артыкчылыктар, ошондой эле эмгек талаштарын чечүү процедураларын кошо алганда маселелердин кеңири спектрин аныктайт