“Кумтɵр Голд Компанинин” кызматкерлери жайлоодогу кɵчмɵ балдар бакчасында белектери жана мастер класстары менен болушту

“Кумтɵр Голд Компанинин” кызматкерлери жайлоодогу кɵчмɵ балдар бакчасында белектери жана мастер класстары менен болушту

Жарыяланган: 29 July 2016

Ɵткɵн дем алыш күндɵрү “Кумтɵр” компаниясынын кызматкерлери Кɵк-Жайык жайлоосундагы кɵчмɵ балдар бакчасына тарбиялануучулар үчүн керектүү болгон канцеляриялык товарларды жана окуу китептерин тапшыруу үчүн барышты. Ысык-Кɵл областынын Жети-Ɵгүз жана Тоӊ райондорундагы кɵчмɵ балдар бакчаларын камсыздоо компания үчүн салттуу болуп калды жана быйылкы жылы тарбиялануучуларга буюмдарды ɵз колдору менен тапшыруу үчүн компаниянын 20 кызматкери барууну каалашты.

Кумтɵрчүлɵр балдарга картондон автомобилдерди чогултуу боюнча мастер класс ɵткɵрүштү жана кыздарга жаӊы форматтагы боечу альбомдорду тапшырышты. Балдар үчүн эстафета да ɵткɵрүлдү жана бардык командалар белектерди – «Бугу Эне» КФ тарабынан даярдалган паззлдарды жана карталарды, ошондой эле “Кумтɵр” компаниясынын колдоосу менен чыгарылган балдар жомокторун алышты. Иш чаранын маданий жагына япон барабанчыларынын “Тендо” тобу жоопкерчиликти алган. Керемет жаратылыштын фонунда алар ɵздɵрүнүн эӊ мыкты чыгармаларын аткарышты.

«Балдарыбызга кɵӊүл бурулуп жатканда дайыма кубанычтабыз жана анын кызматкерлери бүгүнкү майрамды уюштуруп бергени үчүн “Кумтɵр” компаниясына ыраазыбыз. Малчы ата-энелерде балдарынын бош убактысы жана аларды алаксытуу жɵнүндɵ маселе дайыма болот. Мен биздин бакчаларбыз ата-энелери жай бою жайлоодо болушкан балдардын ɵнүгүшүндɵ чоӊ роль ойнойт деп эсептейм», – деп белгиледи Жети-Ɵгүз районунун Кɵк-Жайык жайлоосундагы кɵчмɵ балдар бакчасынын окутуучусу Зейнеп Дыйканбаева.

«Биздин компания алардын потенциалын ɵнүктүрүү, билимдүүлүгүн жогорулатуу жана аларды жаӊы кɵндүмдɵргɵ окутуу боюнча программалардын чоӊ спектрин жүзɵгɵ ашыруу менен областтын жаштарын ɵнүктүрүүгɵ ɵзгɵчɵ кɵӊүл бɵлɵт жана “Жайлоодогу бакчалар” долбоору алардын бири болуп калды. Мындай демилгелерге катышуу жана аларды бир жаӊы нерселерге окутуу аркылуу кичинекей кыргызстандыктар менен таанышуу дайыма жагымдуу», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Комапнинин» финансы бɵлүмүнүн менеджери Анара Качкынбаева.

Маалымат үчүн: «Жайлоодогу бакчалар» — «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондусунун билим берүүгɵ бирдей жеткиликтүүлүктү берүүгɵ багытталган долбоору. Долбоор алыскы райондордо жайгашкан жетүүгɵ кыйын болгон жана бийик тоолуу жайыттарга арналган. «Жайлоодогу бакчалар» жай мезгилинде тоолорго кɵчкɵн малчылардын балдарына мектепке даярданууга мүкүндүк берет. Окутуучулар күнүнɵ үч сааттан окуу сабактарын ɵтүү менен сүйлɵɵнү, эсептɵɵнү жана башка керектүү кɵндүмдɵрдү үйрɵтүшɵт. Кɵчмɵ балдар бакчалары мектеп жашына чейинки балдарга базалык билим берүү үчүн бардык зарыл нерселер менен жабдылган боз үйлɵрдɵ жайгашкан, алар мектеп окуучуларына да бош убактыларын пайдалуу ɵткɵргɵнгɵ мүмкүндүк берет.