Башкаруу жана стандарттар

Башкаруу жана стандарттар

Биз ишмердүүлүгүбүздөгү максаттарга жетүүдө бизнес жүргүзүү жолу менен кызматкерлер ишин аткаруу ыкмалары негизги принциптер деп ишенебиз.

Белгиленген башкаруу стандарттарды аткаруу үчүн биз компаниянын методикасын жана жол-жоболорун иштеп чыктык. Биз жетекчилерибизден, адистерибизден жана катардагы кызматкерлерибизден эң жогорку этикалык нормаларды кармануусун күтөбүз. Бул талап «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Этика Кодексинде кеңири сүрөттөлүп жазылган.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Этика Кодекси

Этика кодекси төмөнкү талаптарды камтыйт: кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу; бардык колдонулуучу мыйзамдык жана ченемдик талаптарга ылайык купуя маалыматты уруксатсыз алуудан коргоо; КГКда жумушка кабыл алуу, жумуш ордунда жогорулатуу же эмгек жеңилдиктерин берүү боюнча жеке чечимдерди кабыл алууда протекционизмге жол бербестен тең мүмкүнчүлүктөрдү, объективдүүлүктү жана айкындуулукту камсыз кылуу; ак ниеттүүлүккө жана кесипкөйлүккө дем берүү жана кызматкерлердин жеке жөндөмдүүлүктөрүнүн жана эмгек салымдарынын негизинде карьералык өсүштү стимулдаштыруу; КГКнын кызматкерлери тарабынан белектерди алуу тартибин жөнгө салуу; адамга ар кандай формада кол салууга, ошондой эле адамга кол салуу жөнүндө кабарлаган кызматкерге же анын мыйзамдуу укуктарын жүзөгө ашыруучу башка кызматкер менен байланышта болгон кызматкерге карата ар кандай репрессиялык аракеттерди болтурбоо; өз милдеттерин аткарууда КГК кызматкерлеринин кесиптик көрүнүшүн чагылдырган жүрүм-турумдун корпоративдик маданиятын өнүктүрүү.

КОРРУПЦИЯЛЫК КӨРҮНҮШТӨРДҮН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ

Коррупциянын алдын алуу боюнча биздин негизги принциптерибиз болуп төмөнкүлөр саналат: – өз ишин жүзөгө ашырууда ар кандай формадагы жана көрүнүштөрдөгү коррупциялык аракеттерди толугу менен четке кагуу менен чагылдырылган коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө жол бербөө, эмгек келишими боюнча иштеген кызмат адамдарына жана иш алып барган кызматкерлерге КГКнын атынан же анын кызыкчылыгы үчүн түз же кыйыр түрдө коррупциялык аракеттерге катышууга катуу чектөөлөр; КГК тарабынан коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоо аркылуу көрсөтүлгөн мыйзамдуулук; КГКнын эмгектик жана башка келишимдерди түзүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин, алардын кынтыксыз аброюна, коррупцияга, непотизмге жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө үчүн арыз берүүчүлөрдү текшерүү милдетинде чагылдырылган тийиштүү текшерүү; коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жана координациялоо жана коррупцияга каршы чара көрүү процессинде аракеттерди координациялоо; КГКнын кызматкерлери коррупциялык аракеттерди жасаган учурда ээлеген кызматына, иш стажына, мурунку эмгегине жана башка шарттарга карабастан, жазанын сөзсүз болушуна КГКга көмөк көрсөтүү.

Кызматкер аны коррупциялык укук бузууларга түртүү үчүн аны менен байланышкан бардык учурлар жөнүндө КГКнын Коопсуздук кызматынын түздөн-түз жетекчисине жана ыйгарым укуктуу кызматкерине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү, ал эми КГКнын Коопсуздук кызматынын жетекчиси жана кызматкери чара көрбөгөн учурда  КГКнын Башкармалыгына кайрылууга милдеттүү.

Кызматкер пайда болгон кызыкчылыктардын кагылышуусу же анын келип чыгуу тобокелдиги жөнүндө өзүнө белгилүү болгондон кийин дароо өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

МЫЙЗАМДЫ, ЭРЕЖЕЛЕРДИ ЖАНА ЖОБОЛОРДУ САКТОО

Биз иштеп жаткан ар бир конкреттүү аймакта колдонулуучу бардык мыйзамдарды, эрежелерди жана эрежелерди сактоого милдеттүүбүз. Бардык кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарда, эрежелерде жана жоболордо белгиленген стандарттарды жана чектөөлөрдү сактоого милдеттүү. Кызматкерлер алардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзамдарды, эрежелерди жана ченемдерди билүүгө жана зарыл болгон учурда алардын түздөн-түз жетекчисине, Адам ресурстары бөлүмүнөн же КГКнын Юридикалык бөлүмүнөн жардам алууга жооптуу.

Жаратылышты коргоо чараларын башкаруу системалары (ЖКЧБС)

Биздин курчап турган чөйрөгө таасир этүүбүздү түшүнүү, баалоо жана башкаруу үчүн биз «пландоо-аракет-мониторинг-жакшыртуу» системалык мамилени колдонобуз, ал Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун ISO 14001 жана өнөр жай коопсуздугун жана саламаттыкты башкаруу системасынын OHSAS 18000 стандарттары боюнча текшерилет. Бул мамиле «Кумтөр» долбоорун пландаштыруунун баштапкы стадиясында курчап турган чөйрөгө таасир этүүнү баалоодон башталган, ал айлана-чөйрөнү коргоо (КЧК)* чараларын башкаруу программасын киргизүү менен улантылат, ошондой эле болочокто кен ишканасын эксплуатациядан чыгарууну пландаштырууну (КЭЧП) да камтыйт. Биз Жаратылышты коргоо чаралары планын (ЖКЧП) карманабыз (азыркы учурда №5 версия аракетте), ал өндүрүштүн курчап турган чөйрөгө таасир этүүсүнүн кесепеттерин четтетүү үчүн жана уруксат берүүлөрдүн жана башка талаптардын сакталышы боюнча документтерди мониторингдөө үчүн иштелип чыккан. Система тоо-кен өнөр жайындагы алдыңкы эл аралык практикаларга, жергиликтүү нормативдик документтерге жана отчеттуулукка ылайык эксплуатациялык талаптарды мониторингдөө, техникалык контролдоо, эксплуатациялык талаптарды аткаруу үчүн арналган. Система жана анын олуттуу элементтери да корпоративдик жана көз карандысыз аудитке тушуктурулат жана КРнын тийиштүү компетенттүү органдары тарабынан бекитилет. Компанияда оңдоп-түздөөчү, алдын алуучу чараларга көз салуу системасы да колдонулат. Бул КЧК жана коопсуздук техникасы боюнча бөлүмдөргө оңдоп-түздөөчү аракеттер боюнча пункттарды киргизүүгө жана жоопкерчилик чөйрөсүн аныктоого мүмкүндүк берет. Бул жоопкер бөлүмдөргө зарыл ишмердүүлүктү дарекке багыттоого жана токтотууга да мүмкүндүк берет. Алгач «Кумтөр» долбоору үчүн көп тараптуу долбоорлук финансылоонун бөлүгү катарында иштелип чыккан ЖКЧП да Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы сыяктуу кредиторлор алдында отчеттуулук боюнча талаптарды да аныктайт. Отчеттуулук боюнча бул талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Мониторингдин станциялар боюнча орточо айлык маанилер түрүндөгү натыйжаларын;
  • Оңдоп-түздөөчү аракеттер боюнча рекомендациялардан олуттуу ашып кетүүлөрдү жана сактабоону;
  • Каттоого жаткан агып чыгуулар боюнча кеңири маалыматты жана оңдоп-түздөөчү аракеттерди;
  • Протоколдорду же мониторинг станцияларын өзгөртүүлөрдү;
  • КЭЧПнын абалы жана жумшоолорду;
  • Кислоталык кен агындылары, кен калдыктары жана мөңгүлөр боюнча жаңыртылган маалыматтарды;
  • Тузсуз сууну керектөө, калдыктарды сактоочу жай жана чыгаруулар боюнча ар жылдык эсептөөлөрдү;
  • Кен ишканасындагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иштер менен байланышкан изилдөөлөрдү;
  • Кийинки отчеттук мезгилге пландаштырылган ишмердүүлүктүн, изилдөөлөрдүн жана баяндамалардын планын;
  • КГК көрүп жаткан иштөөчүлөрдүн саламаттыгын жана эмгекти коргоо боюнча демилгелерди.

*Жаратылышты коргоо чараларынын планы (ЖКЧП) төмөнкү аспектилерди камтыйт:

  • Зыяндуу материалдарды колдонуу жана өзгөчө кырдаалдарга каршы иш-аракеттер;
  • Жандуу жаратылышты сактоону камтыган айлана-чөйрөнү коргоону;
  • Агындыларды жана төгүлүүлөрдү чектөө, контролдоо жана жоюу иш чаралары;
  • Саясаттар, программалар, окутуу процесстери, нормативдик документтер жана отчеттук процедуралары;
  • Тоо-кен ишканасын эксплуатациядан чыгаруу талаптары.

Ден-соолукту, эмгекти жана айлана-чөйрөну коргоо боюнча саясатты (СЭКЧК боюнча саясат) кыскача талдоо

«Кумтор Голд Компани» жаратылышты жоопкерчиликтүү колдонуу менен бирге, өндүруштөгү коопсуздукту камсыздоонун, Компаниянын, жалданма компаниялардын жумушчуларынын жана жергиликтүү коомчулуктардын ден-соолугун коргоонун биринчи кезектеги маанилүүлүгүнүн тааныйт. КГКнын иш-аракеттеринин бардык этаптарында, ошонун ичинде, геологиялык чалгындоо иштеринде, өндүрүш иштеринде жана объекттерди эксплуатациядан чыгаруу иштеринде, коопсуздук жаатындагы «Жумуштагы коопсуздук-үйдөгу коопсуздук» лидерлик программасынын принциптерин (WorkSafeHome Safe) жана «Коопсуздук техникасынын эрежелерин сактабагыдай эч бир жумуш маанилүү эмес» ураанын, ошондой эле төмөнкү милдеттенмелерди карманып келгенбиз жана карамана бермекчибиз:

  • Жергиликтүү мыйзамдардын тиешелүү талаптарын жана шарттарын жана жалпы кабыл алынган эл аралык өндүрүш процессин уюштуруунун принциптерин сактоону;
  • Компаниянын жана жалданма компаниялардын жумушчуларына, башкарылбас өндүрүштүк тобокелчилик факторлорун жоюуну камсыздоочу эмгек шарттарын түзүүнү;
  • Компаниянын, жалданма компаниялардын жумушчуларынын, ошондой эле социалдык-экономикалык факторлорду эске алуу менен жергиликтүү калктын ден соолугуна жана коопсуздугуна мүмкүн болгон потенциалдык тобокелчиликтерди аныктоону, жоюуну же төмөнкү денгээлге түшүрүүнү;
  • Компаниянын өндүрүштүк иштеринин натыйжасында айлана-чөйрөгө мүмкүн болгон терс таасирин төмөнкү денгээлге түшүрүүнү;
  • Өндүрүштө ден-соолукту, эмгекти жана айлана-чөйрөнү коргоо чараларынын жалпы натыйжалуулугун үзгүлтүксүз өркүндөтүүнү жана маанилүүлүгүн түшүнүүгө жетишүүнү;
  • Ар бир жумушчунун жумуштан кийин үйүнө аман-эсен кайтуусун камсыздоону максаттаган, ага ылайык ар бир жумушчу өзүнүн жана коллегаларынын коопсуздугуна жооптуу экенини билдирген «Жумушта коопсуз- Үйдө коопсуз» (Work Safe | Home Safe) коопсуздук жаатындагы лидерлик программасынын принциптерин сактоону.

Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткаруу үчүн, КГК төмөнкү милдеттерди аткарат:

  • Өндүрүштө ден-соолукту коргоо, эмгек коопсуздугу жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча расмий бекитилген чаралар системасын практикалык жүзөгө ашыруу жана колдоо;
  • Компаниянын ишмердиги менен байланышкан өндүрүштөгү ден-соолук, эмгек коопсуздугу жана айлан-чөйрө үчүн негизги тобокелчилик факторлорун аныктоо;
  • Өндүрүштө ден-соолукту коргоо, эмгек коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча КГКнын башкаруу системаларынын жана программаларынын үзгүлтүксүз өнүгүүсүн камсыздаган максаттарды жана милдеттерди аныктоо;
  • Компаниянын, жалданма компаниялардын жумушчуларынын жана жергиликтү калктын ден-соолугун жана коопсуздугун камсыздоо үчүн өзгөчө кырдаалдардын жана кырсыктардын потенциалдуу пайда болуу коркунучун аныктоо, өзгөчө кырдаалдарда кыймыл аракеттер планын иштеп чыгуу, функционалдык даярдыгын камсыздоо, жана талапка туура келгендигин текшерүү;
  • КГКнын калктын ден-соолугу, айлана-чөйрөну коргоо жана коопсуздугу боюнча жүргүзгөн иш-чараларын калктын түшүнүүсүн камсыздоо үчүн КГКнын өндүрүштүк объектилери жайгашкан райондо калк жашаган пункттардын жашоочулары менен конструктивдүү диалог тузүү;
  • Булгануунун деңгээлин алдын алуу, азайтуу же төмөнкү деңгээлге түшүрүү үчүн калдыктар менен жоопкерчиликтүү иш алып баруу же аларды утилизациялоо;
  • Кенди колдонуудан чыгаруу жана рекультивация боюнча иштерди пландуу түрдө жана өз убагында аткаруу;
  • Бул Политиканын талаптарын сактоону камсыздоо багытында, учурдагы ахвалды баалоо жана тийиштуу чараларды көрүү максатында регулярдык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
  • Компаниянын, жалданма компаниялардын жана камсыздагычтардын жумушчуларын бул Политика менен тааныштырууда, алардын өз функцияларын бардык кызматтык денгээлдерде өндүрүштөгү ден-соолукту коргоонун, эмгек коопсуздугунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун талаптарын сактоо менен аткаруусун камсыздоо максатында тыгыз байланыш түзүү жана КГКнын өндүрүштөгү ден-соолукту жана эмгекти коргоо боюнча программаларын ишке ашырууда жумушчулардын активдүүлүгүн жогорулатуу;
  • Жумушчуларды, өндүрүштөгү ден-соолукту жана эмгекти коргоо жана айлана-чөйрөнү коргоо программасынын чегинде, алардын өз функцияларын аткаруусун камсыздоо максатында, кызматтын бардык денгээлдерине ылайыктуу окутуу;
  • Жумушчулардын, иш ордундагы ден-соолукту коргоо, эмгек коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча программаларды, чараларды иштеп чыгууда жана практикалык ишке ашырууда катышуусун камсыздоо;
  • Бул Политиканын ишке ашырылышы үчүн зарыл ресурстар менен камсыздоо; жана ошондой эле
  • Бул Политиканын таанышуу учун эркин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.