Лицензиялар жана уруксаттар

Лицензиялар жана уруксаттар

“Кумтөр” долбоорун иштетүүдөгү негизги документтер жана уруксаттар

“Кумтөр Голд Компани” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тийиштүү уруксаттарды, уруксаттамаларды жана макулдашууларды алууну улантууда. Негизги уруксаттар менен документтердин тизмеси төмөндө келтирилген.

Уруксаттамалардын аталышы Жарактуу мөөнөтү*
Кайра каралган Концессиялык Келишим 2042-жыл
Өзгөчө кырдаалдагы аракеттердин планы (ӨКАП) ӨКАП өзгөргүчө
Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу ишин лицензиясы 31-декабрь 2024
Калдыктарды айлана-чөйрөдө жайгаштырууга уруксат Калдыктарды чогултуунун жана аларды жайгаштыруунун чектери боюнча нормативдердин долбоору иштелип чыгып, макулдашылганга чейин узартылды (ПНООЛР)
Стационардык булганыч булактарынан атмосферага таштоого уруксат Жол берилген чектеги чыгаруулар (ПДВ) боюнча долбоор иштелип чыгып, макулдашылганга чейин узартылды
Курулуш иштерин аткарууга лицензия Чектөө мөөнөтсүз
Концессиялык аянтта тоо иштерин жүргүзүү укугуна уруксат 30-октябрь 2026
Борбордук, Түштүк-Батыш жана Сарытөр карьерлеринде жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксаттар 2024-жылдын 10-марты
Жардыруучу заттарды алып кирүүгө, өндүрүүгө жана реализациялоого лицензия 26-август 2025
Кумтөр кенине чейин цианиддүү натрийди автоунаа менен коопсуз ташуу шарттары Чектөө мөөнөтсүз же өзгөрүү киргизилгенге чейин
Балыкчыдан Кумтөр кенине чейин натрий цианидин ташууга уруксат 25-май 2024
Кумтөр кенинде натрий цианидин сактоого уруксат 25-май 2024
Электр байланыш жана маалымат өткөрүү жаатында лицензия Чектөө мөөнөтсүз
Тазаланган өндүрүштүк агындыларды төгүүгө уруксат 6-июль 2024
Тазаланган чарба-тиричилик агындыларды төгүүгө уруксат 6-июль 2024

* Уруксаттамалар жарактуу мөөнөтү аяктаган сайын жаңыртылат