«Кумтор Голд Компани» кызматкерлери Ысык-Көл областынын балдарын Жаңы жыл менен куттуктады

«Кумтор Голд Компани» кызматкерлери Ысык-Көл областынын балдарын Жаңы жыл менен куттуктады

Жарыяланган: 30 December 2016

Ушул жумада «Кумтөрдүн» кызматкерлери Балыкчы шаарынын, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун балдар үйлөрү, кризистик борборлору жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн 768 жаңы жылдык белек беришти.

Быйыл салтка айланган таттуу белектер кызматкерлердин чогулткан өздүк каражаттарына сатылып алынды, анткени, 2016-жылдын 3-июнундагы Бишкектин район аралык соттун компаниянын активдерин пайдаланбоо туурасындагы чечими али күчүндө. Ушуга байланыштуу компания областтагы муктаж балдарга белек алып берүү үчүн мүмкүнчүлүгү болгон жок. Ошентсе да, компаниянын кызматкерлери кайдыгер калбай, көлдөгү бөбөктөргө Аяз Атадан жаңы жылдык куттуктоолорду уюштурду. Кендин, өткөөл базанын жана башкы кеңсенин кызматкерлери баардыгы 259 500 сом чогултушуп, ал акчага таттууларды сатып алышты.

“Туруктуу өнүктүрүү” бөлүм кызматкерлери болсо компаниянын атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип белектерди алар берген тизмелер боюнча таратып, майрамдык салтанаттарды уюштуруп беришти. Балыкчыдагы “Тянь-Шандын балдары” кризистик борборунун балдарына белектерди балыкчы өткөөл базасынын кызматкерлери камсыздар, балдар үчүн даярдашкан шоу-программаны көргөзүштү.

Компаниянын кызматкерлеринен белек алган уюмдар менен жамааттар тизмесине төмөнкүлөр кирди:

Тоң районунан:
• «Шоола Кол» Коомдук Фонду;
• «Хадича» Реабилитациялык борбору;
• Райондогу жетим балдар;
• Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;
• Мектептердин алдыңкы окуучулары.

Жети-Өгүз районунан:
• Райондогу жетим балдар;
• Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;

Балыкчы шаарынан:
• Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар коому;
• «Тян- Шандын Балдары» Коомдук фонду;
• «Адамзатка жардам» Реабилитациялык борбору

Компаниянын менеджменти татаал шарттарда колдоо көрсөткөн жана белек күткөн балдарга майрамдык маанай тартуулаган бардык кызматкерлерге ыраазылыгын билдирет. Атап айтканда, компаниянын жетекчилиги Джоди Снэруга, Джерри Уиглзвортко, Стивен Ховатуга, Бен Ферриске, Наталья Щербаковага, Мирбек Курманбаевге, Нурдин Үсөновго, Аймира Кенжетаевага, Айзада Жалбиевага, Чынгыз Үмөталиевге, Роза Сатаровага, Андрей Скорняковго, Алексей Снятковго, Асель Ибраевага, Владимир Ивановго, Дмитрий Моисеевге, А жана Б нөөмөттөрүнүн айдоочуларына, Үсөнкул Эгизбаевге, Садыкалы Жураевге, Барскоондук жергеликтүү контракт-компнияга, «Туруктуу өнүктүрүү» бөлүмүнүн аймактык командасына, «Assay” лборториясына, Сыргык Самудиновго, Елена Королевага, Самсалы Султанбековго, Чынара Мамытовага, Эмил Керменбаевге, атайын долбоорлоо бөлүмүнүн электриктерине, Рустам Момуналиевге, Сергей Третьяковго, коопсуздук бөлүмүнө, Эклолгия бөлүмүнө, Конор Бриттонго, Алмаз Барыктабасовго, Турсунбек Даутовго, Санжар Камбаровго, Жеңишбек Тентимишевге, Брайан Де Лос Сантоско, Гүлмира Мукмбетовага, Евгений Тянга, турак жайн лагердин администрация бөлүмүнө, Гузипа Буржиевага, Айнура Ракунбаевага, Сергей Красноштановго, инженерлер бөлүмүнө, тоо-кен бөлүмүнө (А жана Д нөөмөтөү, бургулоо/жарждыруу бөлүмүнө), Темирлан Бейшебаевге, Анатолий Казаковго, ашкана кызматкерлерине, фабриканын техникалык тейлөө бөлүмүнүн электриктерине, Балыкчы өткөөл базасынан Жылдыз Раимкуловага, Захар Цыганковго, Алибек Кулатаевге, Асыкбек Чекирбаевге, Калыбек Сыдыковго, Ашырбек Карагул уулуна, Максат Кадырлиевге, ошондой эле Бишкек кеңсесиндеги салым кошкон бардык кызматкерлер – Елена Поповага, Элеонора Котюкка, Акылбек Дүйшөнбиевге, Калысбек Абдыгазиевге, Марина Гавриловага, Саймон Тянга, Татьяна Жуковага, Наташа Перловага, Ольга Медоевага, Наталья Андерсонго, Болот Асанакуновго, Марат Ибраевге, Айбек Абдувалиевге, Юрий Ефименкого, Валентин Чернышевге, Тимур Осмоновго, Мурат Өзбековго, Сергей Булгаковго, Виктор Беляковго, Раушан Жумабековага, Родни Ступарекке, Наталья Аверкинага, Анна Липкого, Пол Янга, Чолпон жана Дина Абдыкеримоваларга.