Тарых

Тарых

Кумтөр алтын кени 1978-жылы ачылган. Ал эми кенди өздөштүрүү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) СССР Министрлер советине караштуу «ГИНАЛМАЗАЛТЫН» Баалуу металлдар башкы башкармалыгы тарабынан 1989-жылы даярдалган.

Бирок, долбоордун наркынын кымбат болушунан улам – 995,4 млн советтик рублге барабар болгон (же ошол учурга карата 1,46 млрд АКШ доллары) кенди өздөштүрүү кийинкиге калтырылган.

Көз карандысыз мамлекет болуу менен Кыргызстан өз кен байлыктарын иштетүү үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүк алды. Бир нече инвесторлордун сунуштарын кылдат карап чыккандан кийин 1992-жылы 4-декабрда Торонто шаарында (Канада) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Камеко» корпорациясы менен «Кумтөралтын» долбоору боюнча Башкы макулдашууга кол койду.

Кенди өздөштүрүүнүн тарыхый даталары

 

1978

“Кыргызгеологиянын” геофизикалык экспедициясы тарабынан “Кумтөр” кенинин ачылышы

1989

СССР геология министрлиги тарабынан “Кумтөр” кенинин чалгындоосунун деталдык жыйынтыктарынын жарыяланышы

1992

“Камеко” корпорациясынын геологдорунун мурдагы СССР аймагында келечектүү кендерди издөө сапары

1992

КР Өкмөтү менен “Камеко” корпорациясынын “Кумтөралтын” долбоорун түзүү боюнча Башкы макулдашууга кол коюу

1993

““Кумтөр Оперейтинг Компанини” негиздөө

1994

Техника-экономикалык негиздеменин (ТЭН) даяр болушу. Кумтөрдөгү курулуш иштеринин башталышы

1995

Долбоорго насыя алуу үчүн финансы документтер пакетин даярдоо жана бекитүү

1996

Алтын ылгоочу фабриканын ачылыш аземи

1997

Алтындын коммерциялык өндүрүшүнүн башталышы

1998

1 миллион унция алтын өндүрүлгөн

2002

“Кумтөрдөгү” алтын өндүрүшү 100 тоннадан (3,2 миллион унциядан) ашкан

2004

Долбоордун түзүмүн өзгөртүү. “Центерра Голд Инк.” түптөө. Инвестициялык макулдашуунун күчүнө кириши (2004-жылдын 22-июну)

2005

Геологиялык-чалгындоо иштеринин натыйжасы боюнча “Кумтөр” кенин иштетүү мөөнөтү 2013-жылга чейин узартылган

2006

“Кумтөрдө” өндүрүштү модернизациялоого 95 млн АКШ доллары инвестицияланган

2009

“Кумтөр” долбоору боюнча жаңы Келишимдин КР Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланышы

2012

Өндүрүштү өнүктүрүүгө капиталдык салымдар рекорддук көлөмдө –  385,2 млн АКШ долларын түзгөн

2012

Геологиялык-чалгындоо иштеринин натыйжасы боюнча “Кумтөр” кенин иштетүү мөөнөтү 2023-жылга чейин, ал эми руданы алтын ылгоочу фабрикада кайра иштетүү мезгили 2026-жылга чейин узартылган

2014

«Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК операциялык ишмердүүлүгү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКга өтүшү

2017

КР Өкмөтү жана «Центерра Голд Инк.» жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАК менен “Кумтор Оперейтинг Компани” ЖАК ортосунда айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Стратегиялык Макулдашууга кол коюлду

2021

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 2-р буйругуна ылайык, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКна убактылуу тышкы башкаруусу киргизилген.

2022

2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААК, «Центерра Голд Инк.» ортосунда Глобалдык жөнгө салуу келишимине кол коюлган.

2022-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 446-р буйругу менен КГКда убактылуу тышкы башкаруунун жол-жобосу токтотулган (аяктаган).

2022-жылдын 23-августунда КГКнын жалгыз акционери «Кыргызалтын» ААКнын чечимдери менен КГКнын Директорлор кеңеши түзүлгөн.