Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Кыргызстандын түштүк-чыгышында, Тянь-Шандын асман тиреген бийик тоолорунда, мөңгүлөрдүн дээрлик этегинде республиканын экономикасынын башкы тирөөчтөрүнүн бири – «Кумтөр» уникалдуу алтын өндүрүүчү ишканасы жайгашкан.

Өлкөнүн тоо-кен өндүрүү тармагындагы алгачкы жана эң ири ишкана чет элдик инвестициялардын жардамы менен курулган. Бүгүнкү күндө “Кумтөрдүн” продукциясы товарлардын улуттук экспортунун үчтөн бирден көбүрөөк бөлүгүн ээлейт, ал эми Компаниянын миссиясы өндүрүш менен чектелбейт.

Кыргыз Республикасындагы “Кумтөр” кени Борбордук Азияда эң ири алтын кенинин бири.

“Кумтөр Голд Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.