2016-жылдагы алтын өндүрүүнүн көрсөткүчтөрү жана 2017-жылга прогноз

2016-жылдагы алтын өндүрүүнүн көрсөткүчтөрү жана 2017-жылга прогноз

Жарыяланган: 23 January 2017

«Центерра Голд Инк.» (Центерра) жана «Кумтөр Голд Компани» 2016-жыл дагы бир ийгиликтүү өндүрүштүк жыл болуп, 550 миң унциядан ашуун алтын өндүрүлгөнүн билдирет.

Кумтөрдө алтын өндүрүүнүн көлөмү төмөнкүнү түздү:
– 2016-ж. жалпы жыйынтыгы 550 960 унция* (же 17 136,78 кг) алтын;
– 2016-ж. төртүнчү чейректеги жыйынтыгы 200 762 унция (же 6 244,4 кг) алтын.

Кумтөрдөгү өндүрүш, өткөн жылдын үчүнчү чейректеги жыйынтыгы боюнча белгиленген өндүрүштүк прогноздун көбөйтүү жагына оңдолгон орточо көрсөткүчүнөн (540 миң унция) ашты.

2017-жылда алтын өндүрүүнүн көлөмү
Алдын-ала баалоолор боюнча, Кумтөрдө 455-505 миң унция алтын өндүрүлмөкчү, мында жалпы жылдык көлөмдүн 30%ы 2017-жылдын төртүнчү чейрегинде камсыздалмакчы.

Капиталдык жумшоолордун жалпы көлөмү (кыртыш ачуу иштерин кошпогондо) 96 млн долларды** түзүүгө тийиш. Негизги фондуларды колдоого жумшоолор*** (68 млн доллар) негизинен оор тоо-кен техника паркын кайра жабдуу жана жаңыртуу (58 млн доллар), АЫФ жабдууларын масштабдуу жаңыртуу (3 млн доллар) жана башка жумшоолор (7 млн доллар) менен байланышкан.

Өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолордун*** көлөмү 28 млн долларды түзүүгө тийиш, анын ичинде кен ишканасын эксплуатациялоонун жалпы планында каралгандай, анын карьеринин контурларын кеңейтүүнү эске алуу менен инфраструктуранын айрым объектилерин башка жерге көчүрүүгө 9 млн доллар көлөмүндө; туюккап дамбасын куруу (11 млн доллар), тоо-кен техникасын сатып алуу (4 млн доллар); кургактоо иш чараларына (2 млн доллар) жана башкалар (2 млн доллар) сыяктуу иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн.

2017-жылы туюккап дамбасын тургузуу KS-13 планына ылайык, карьердин контурларын кеңейтүүнүн натыйжасы катарында өзүнө кошумча 3,6 млн унция алтынды камтууга тийиш болгон мындай түрдөгү биринчи курулманы курууну билдирет. Бул максаттарга чыгымдар өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолорго*** кирет. Иштердин баштапкы цикли 3 жылдык программаны жүзөгө ашыруунун башаты жана ал 2019-жылы гана аяктайт (иштердин жалпы наркы 32 млн доллар). Туюккаптын дамбасы боюнча 2017-жылга чейин жүргүзүлгөн бардык курулуш иштери KS-13 планына ылайык карьердин контурларын кеңейтүү долбоорун бекиткенге чейин бекитилген запастардан руданы кайра иштетүүнүн натыйжасында түзүлгөн калдыктарды сактоо зарылдыгы менен байланышкан болчу.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун акчалай курамы 2017-жылы 234 млн долларды түзгөн кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга жалпы чыгымдардан 172 млн доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

1 – Бир троялык унция 31,10348 граммды түзөт.
2- Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында көрсөтүлөт.
3–GAAP (бухэсептин жалпы кабыл алынган принциптери) тааныбаган көрсөткүч. Бул боюнча кеңири Центерранын SEDAR издөө системасында жайгаштырылган отчетунун Non-GAAP Measures” бөлүгүндө.
Центерра жөнүндө кошумча маалымат жана бул маалыматтык билдирүүнүн толук тексти Интернетте SEDAR издөө системасында www.sedar.com, ошондой эле компаниянын корпоративдик сайтындатурат.

Центерра жөнүндө
“Centerra Gold Inc.” (Центерра) компаниясы Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка региондорунда алтын кендерин эксплуатациялоо, кайра иштетүү, чалгындоо жана алуу менен алектенген канадалык алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компаниянын штаб-квартирасы Канаданын Онтарио провинциясынын Торонто шаарында жайгашкан. Центерра жөнүндө кошумча маалымат компаниянын сайтында жана SEDAR издөө системасында жайгашкан.

Бул маалыматтык билдирүүнүн толук тексти төмөнкү сайта жеткиликтүү: http://www.centerragold.com/investor/news-releases
Центерра жөнүндө кошумча маалымат компаниянын сайтында жана SEDAR издөө системасында жайгаштырылган.